• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Чолпон-Атанын улгайган тургундарынан $6 миң опузалаган эки жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын эки жараны В.А.И. жана Х.Р.Р кармалды.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен, кары адамдардан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Кылмышка шектелип кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен дагы башка жарандар болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №148 дарегине же, 0392251180, 0555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий