• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкекте Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылган күнүнүн 35 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Улугбек, Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин лидери Кожобек Рыспаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ошондой эле Афган согушунун ардагерлери жана алардын туугандары, жакындары да катышты.

Нурланбек Азыгалиев сүйлөгөн сөзүндө бардык ардагерлерди тарыхый кандуу окуянын аяктаган күнү менен куттуктады.

«Мындан туура 35 жыл мурун 15-февралда көп улуттуу Совет мамлекетинин жоокерлери Афганистандан чыгарылган.10 жылга созулган Афган согушу адамзат тарыхындагы ири кандуу окуя, азыр да кесепети жоюлбаган айыккыс жара катары сыпатталып келет. Афган согушун эскерүүдө кандуу окуянын каармандарынын эрдигин унутпашыбыз керек», - деди ал.

Муну менен катар, эл өкүлү совет жоокерлеринин катарында жети миңдей кыргызстандык жоокер Афганистанга аттанганын эске салды. «Алардын 300гө жакыны согуш талаасында курман болуп, аман калгандарынын ичинен 1500ү жаракат алган. Тилекке каршы төрт жоокерибиз дайынсыз жоголуп, азыркыга чейин кабарсыз», - деди Азыгалиев.

Сөзүнүн соңунда төраганын орун басары Жогорку Кеңеш тарабынан Афган согушунун ардагерлерине татыктуу кам көрүүгө багытталган бардык демилгелер колдоого ээ болуп келерин белгилеп: «Согуштагы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөгү мыйзамда сиздерге тиешелүү бардык кепилдиктер каралган. Мезгил талабына ылайык, аталган мыйзам дагы өзгөртүлүп, ардагерлердин жаркын жашоосу үчүн жаңылана берет. Биз сиздердин эрдигиңерди эч качан унутпайбыз», - деген Нурланбек Азыгалиев ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий