• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектеп пайда болот

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектептин курулушу башталды.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, эки кабаттуу мектеп тогуз блоктон турат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 гектарды түзөт.

Имарат өзүнө окуу класстарын, спорттук зал, ашкана, стоматологиялык кабинет, балдар өнөрканасын, китепкана, конференц-зал жана музыкалык залды камтыйт.

Учурда жер казуу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий