• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас облусунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта Капар Талас облусундагы билим берүү кызматкерлеринин “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогикалык август кеңешмеси өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кеңешмеге билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана президенттин өкүлү Нурлан Дарданов катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө билим берүү системасындагы оң өзгөрүүлөрдү айтуу менен бирге катачылыктар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү керек экенин белгиледи. "Билим берүү системасын өнүктүрүү социалдык-экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири. Ал эми келечек муунга кам көрүү эң ишенимдүү инвестиция”, - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган презентациялар көрсөтүлдү.

Ошондой эле бир катар билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери баяндама жасап, аталган тармак боюнча суроо-жооп талкуулар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий