• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБиндеги авария. Диверсия жана теракт деген божомолдор алынып салынды

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде болгон көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып чыкты, ошондой эле жабыркаган имараттарды көрүштү.

Маалым болгондой, штаттык эмес кырдаал түзүлгөндөн бери төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
- 8000 чарчы метр чатыр калыбына келтирилди;
- 2000 тонна курулуш жана тиричилик таштандылары чыгарылды;
- 600 чарчы метр аянттагы конструкцияларды бекемдөө боюнча реставрациялык ширетүү иштери аяктады;
- 10500 чарчы метр чатыр аянтын тазалоо иштери аяктады.

Белгилүү болгондой, учурда борбор калаанын ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаалдын себептери каралууда, алдын ала маалыматтар боюнча диверсия жана терактка байланыштуу деген божомолдор алынып салынды.

Ошондой эле, учурда келтирилген чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат, мындан тышкары борбор калаа муниципалитети “Бишкекжылуулук” ААКсы менен биргеликте жылуулукту жана ысык сууну өчүрүү мезгилине карата керектөөлөрдү кайра эсептөө иштерин жүргүзүүдө.

Отурумдун соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бир катар тапшырмаларды берди, аны менен катар 2024-жылдын 1-февралынан 2-февралына караган түнү нөөмөттө болгон техникалык адистердин пикирин угуу.

Пикир

Оставить комментарий