• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-май күнү КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы мекеме-ишканаларда, базарда, банктарда, азык түлүк дүкөндөрдө, дарыканаларда жана кафелерде жалпы 4500 чарчы метр аянт дезинфекцияланды. Чон-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылындагы, мекеме-ишканаларда, банктарда, дарыканаларда, жөө жүрүүчү жолдордо, азык-түлүк, авто тетик дүкөндөрүндө жана автоунаа жуучу жайлардагы 1200 чарчы метр аймак залалсыздандырылды. Нариман айылынын 8000 чарчы метр аймагы дезинфекцияланды.

Ошондой эле илдеттин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда, автоунаа жүрүүчү жолдордо жана башка эл көп барган жерлерде жүргүзүлүүдө.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий