• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаары күз-кыш мезгилине даяр

Аймак 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Сессиянын күн тартибинде 7 маселе каралып, талкууланды.

Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев маалымат берди.

“Ош шаарында 2018-2019-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү иш-чаралары бекитилип, иш-чаралардын негизинде даярдык иштери толугу менен аткарылды. Оштогу жылуулук электр борборунда үч даана буу казандардын толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ошондой эле, жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактар, муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасындагы 80 откана жылуулук берүүгө толугу менен даяр. Тапшырманын негизинде күз-кыш мезгилине 12миң тонна көмүр отунун сатып алуу үчүн «Камалов» жеке ишканасы келишим түзүлүп, келишимде көрсөтүлгөн графиктин негизинде иш жүрүп жатат. Мазут даярдоо иштери боюнча 18миң тонна даярдалыш керек болсо, 2018-жылдын 19-октябрына карата өткөн жылдан калган калдыкты кошкондо 6090,0 тонна мазут отуну даярдалды. Андан тышкары, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 6 020 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлгөн. Ош райондук электр тармактар ишканасы иш-чаралардын негизинде кубаттуулугу 6-10-0,4 кВ болгон 112 трансформатордун ордуна 122 трансформатор (109%) капиталдык ондоодон, 583 трансформатордун ордуна 584 трансформатор (100%) катардагы ондоодон өткөрүлдү.

Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы ушул жылга каралган техникалык тейлөө планы боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулган. Көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системаларын оңдоп-түзөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө 5 үйдүн жылуулук системаларын ондоо иштери жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо менен толук бүттү. Учурда дагы үч көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Ал эми, Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы мекемелер 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүгүнө даярдык көрүү иштери толугу менен бүткөрүлүп, жылуулук алууга даяр. Кыш мезгилинде жааган кардан жолдорду өз убагында тазалоо максатында Ош шаардык жолдор башкармалыгы 5 ишкана менен келишим түзүп, ар бир ишканага тиешелүү аймактар бекитилип берилди. 36 атайын кар тазалоочу жана инерттик материалдарды себүү үчүн техника, 187,0 тонна туз даярдалган, мындан тышкары орто эсеп менен дагы 300 тонна техникалык туз даярдалышы керек. Мындан сырткары, элге көмүр даярдоо боюнча тапшырма аймактык Кеңештерге жеткирилип, шаарыбызда 15 жерде көмүр сатуучу пункттарды уюштурулду. Учурда көмүрдүн 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 4500-5500 сом болууда», - деп маалымдады А.Топчубаев.

Пикир

Оставить комментарий