• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында легендарлуу парламенттин депутаттарына сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Ош шаарында легендарлуу парламенттин депутаттарына сыйлыктар тапшырылды.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, парламентаризмди жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле жигердүү коомдук - саясий иши үчүн КР Жогорку Советинин Xll чакырылышынын легендарлуу парламенттин депутаттары – Т.Жунусов, Т.Жолдошов, К.Юсупов, А.Токтогулов, З.Осмонова, Б.Нурунбетов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова сыйлыктарды тапшырып жатып, легендарлуу парламенттин депутаттарына бекем ден соолук, татыктуу жашоо, бактылуу карылык тилеп, ийгиликтерди каалады. Иш чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов да катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий