• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында шайлоочулардын жалпы санынын 26,65%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 40 миң 695 шайлоочу катышып, шайлоочулардын жалпы санынын 26,65%ын түздү. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоодо саат 12:00гө карата 38 миң 745 шайлоочу катышып, шайлоочулардын жалпы санынын 25,55 пайызын түзгөн. «Бүгүнкү өтүп жаткан шайлоодо өткөн шайлоого салыштырмалуу 1 950 шайлоочуга көп катышып жатышат, же бул 1,1%га көптүк кылат», - деди ал.

Ал эми Токмок шаарында саат 14:00гө карата жалпы шайлоочулардын 24,02% (9 152) добуш берди.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий