• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында таза суу бериле баштады

Аймак 0

Ош, 14.08.18. /Кабар/. Бүгүн,14-августта саат 6:20дан тарта «Ак-Буура» дарыясындагы суу тазаланып, шаарга таза суу берилди.

Белгилей кетсек, 13-август Папан айылдык аймагынын, Карагур айылында сел жүргөндүгүнүн кесепетинен «Ак-Буура» дарыясынын ылай калдыгы 6000 мг/литрден ашып кеткендигине байланыштуу Ош шаарынын «Курманжан Датка», «Манас Ата» кичи шаарчаларынан жана «Достук», «Калинин» массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү танкы саат 5тен убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий