• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23./Кабар/. Ош шаарында А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо башталган капиталдык оңдоо иштери башалды. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда мэр Бакытбек Жетигенов оңдоп-түзөө иштери менен таанышьты.

Долбоор боюнча стадиондо 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Ал эми футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот.

Бүгүнкү күндө жеринде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов стадион оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин үлгүлүү спорттук жайга айланышы керектигин баса белгилеп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү кызматтарга милдеттенмелерди койду.

Белгилей кетсек, жумушту Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүтүрүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий