• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын бир катар окуу жайларында Конфуций класстары ачылат

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Ош шаарынын бир катар окуу жайларында Конфуций класстары ачылат. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин демилгеси менен класстар Ош технологиялык университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жана “Билим” лицейинде ачылат.

Тиешелүү келишимге окуу жайлардын жетекчиликтери тарабынан кол коюлду.

“Конфуций класстары заманбап материалдык-техникалык база, аудио-видео окуу куралдары менен жабдылып, бардык зарыл окуу китептери менен камсыздалат. Кытайдан студенттерди жана окуучуларды, бардык каалоочуларды кытай тилине акысыз окутуу үчүн ар бир класска экиден ыктыярчы келиши күтүлүүдө. Алар студенттерди кытай тили боюнча сыноолорго даярдашат. Бул студенттердин Кытай ЖОЖдоруна гранттык окуулардын тандоо сынактарына катышууга жардам берет ”, - деп билдиришти ОшМУнун басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий