• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын жаш футболчулары Кытайда өтүп жаткан эл аралык турнирге катышууда

Аймак 0


Бишкек, 6.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Ош шаарынын өспүрүмдөр арасындагы командасы Кытайда өтүп жаткан балдар арасындагы футбол боюнча эл аралык турнирге катышууда. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдирди.

Кытайдын Линься шаарында спорттун 7 түрү боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Бир жума бою өткөрүлүп жаткан турнирге 15 өлкөдөн 13 жаштан 16 жашка чейинки балдар катышууда.

Кыргызстандын атынан Ош шаарынын жаш футолчулары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий