• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош – Өзгөн трассасында жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы оор – министрлик

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ош – Өзгөн жолунда кырсыкта жабыркагандардын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 22 адам жабыркап, анын ичинен 7 адам каза болгон.

Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарына ар түрдүү жаракат менен 15 адам кайрылган.

«Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 адам жаткырылган, алардын абалы өтө оор. Нейрохирургия жана травматология бөлүмүнө 2 адам, ошондой эле Шаардык клиникалык ооруканага 1 адам жаткан, абалдары орто оордукта», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2 бала жаткырылган, абалдары оор жана өтө оор деп бааланууда.

Жабыркаган үч адам биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-ноябрда Ош – Өзгөн трассасында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 7 адам каза болгону маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий