• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМПУнун студенти Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадада 1-орунду багындырды

Билим 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында өткөн табигый илимий билим берүү багыты боюнча эл аралык олимиадада Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттик командасы активдүү катышып, байгелүү орунду камсыздады. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган билим жарышы Алматыдагы Абай атындагы Казак педагогикалык университетинде болуп, ага Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан студенттер катышкан.

Олимпиадага студенттер командалык жана жекече катышып, анда ОшМПУнун табият таануу жана география факультетинин студенттери Жылдыз Казакова, Элмира Садыкова, Махира Иминова жана жетекчиси Гүлзада Сагынбаева командалык мелдеште “Чыгармачыл топ” наамына ээ болуп, атайын сыйлык менен сыйланды. Ал эми команда мүчөсү Элмира Казакова жекече мелдеште мыкты географ аталып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий