• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУда Scopus изилдөө ресурстук борбору ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Scopus Research Hub” ресурстук борбору ачылды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордо Scopus эл аралык маалыматтар базасынан авторлорду, макалаларды жана журналдарды издөө, маалыматттарды алуу сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт, анда атайын адистер иштешет.

“Кандай журналдарга макалаларды чыгарууга боло тургандыгы боюнча борбордун адистери маалымат берип, көмөктөшөт. Борбордун ачылышы менен буга чейинки бир топ көйгөйлөр чечилип, сапаттуу макала чыгарууга шарт түзүлөт. Мындан сырткары, ОшМУнун QS (Quacquarelli Symonds) рейтингине кирүүсүнө дагы салым кошот”, - деди ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн башчысы Максат Тотобаев.

ОшМунун “Scopus Research Hub” ресурстук борборунун кызматынан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы ЖОЖдордун окутуучулары пайдалана алышат.

Борбордун ачылуу аземине “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин баштаган өкүлдөр, Informascope компаниясынын директору Чинар Киванч, ректор Кудайберди Кожобеков жана түштүк регионундагы ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Иш-чаранын алкагында Scopus эл аралык маалыматтар базасын пайдалануу боюнча презентация жасалды. “Scopus Research Hub” ресурстук борбору ОшМУнун илимий китепканасынын 2-кабатында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий