• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто аткезчилик жол менен алып келинген 1 млн сомдук дары-дармектер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Ошто бир миллион сомдук аткезчилик жол менен алынып келген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында К.Х. аттуу жаран Россиядан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармектерди алып келип, андан ары Өзбекстанга кайра аткезчилик жолу менен сатып жатканы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Экономикалык контрабанда" беренеси менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки даректе дары-дармектердин сакталып тургандыгы аныкталган.

Анын натыйжасында, Кара-Суу районунда 1959-жылы туулган М.М.дин турак-үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 4000 даана ампицилин, 3640 даана эланалаприлл, 100 даана семакс дарысы, 300 даана Рензилбензат мазы алынды.

Ошондой эле Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 1954-жылы туулган К.Х.нын турак-үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 21 каробка мукалтин, 12 каробка футканазол, 20 каробка карбомазепин, 4 каробка амбецет, 19 каробка эритромицин, 11 каробка тетрадциклин, 5 каробка амблорус, 3 каробка амброксол, 1 каробка арифен, 1 каробка миневазинь, 1 каробка больнорелакс, 1 каробка кавинтон, 5 каробка пентогам, 13 каробка канеферон, 10 дексаметазон, 13 каробка от кашля, 3 каробка cyteal solution дарылары алынды. Аткезчилик менен алынып келинген дары дармектеридин жалпы баасы бир миллион сомду түздү.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аткезчилик жол менен алынып келинген дарылардын ээси К.Х. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнун тергөө кызматына жеткирилди.

Азыркы учурда алынган дары-дармектер боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн байланыштары жана дарылардын ташылып келген жолдорун аныктоо боюнча ыкчам иштери улантылуууда.

Пикир

Оставить комментарий