• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Билим берүү министрлигинин коллегиясынын көчмө жыйыны болду

Билим 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын көчмө жыйыны болуп өттү.

Министрликтин басма сз кызматынан кабарлашкандай, ОшМунун базасында өткөн жыйынга Алмазбек Бейшеналиев баш болгон министрликтин жетекчилиги, ошондой эле аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүүчү уюмдардын, кесиптик окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйында Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо, ведомствонун коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

Жыйындын күн тартибине ылайык, билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоонун (институционалдык жана программалык аккредитациялоонун) жыйынтыктары каралып, Кыргызстанда Жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрүү, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдери жана окуучулары үчүн «Мектеп – биздин жашыл үйүбүз» аттуу экологиялык сынакты уюштуруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий