• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто бокс боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси Имамназаровду салтанаттуу тосуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Ош шаарындагы "Достук" өткөрмө бекетинде бокс боюнча 22 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Азия чемпионатында 63,5 кг салмактагы күмүш медалдын ээси Мирзахид Имамназаров салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана спортчунун жакындары катышты.

Салтанаттын алкагында катышуучулар Мирзахид Имамназаровду күмүш медалы менен куттуктап, ага мындан ары дагы да ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, 20-30-январь күндөрү Ташкент шаарында 22 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн бокс боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 7 мушкер катышкан. Имамназаров чемпионатта Япониянын, Ирактын спортчусун утуп, финалда Өзбекстандын спортчусуна утулуп калган.

Жалпысынан Азия чемпионатына 20 өлкөдөн 200дөй мушкер катышып, 13 салмак категориясы боюнча таймашкан.

Пикир

Оставить комментарий