• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто дарыгерлерди акысыз ташыган айдоочуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы дарыгерлерди акысыз ташыган кичи автобустардын айдоочуларына 3 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

Айдоочуларга акчалай сыйлык тапшыруу боюнча токтомго калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, ал айдоочулар медицина кызматкерлерин ооруканага жана үйлөрүнө акысыз жеткирүүдө.

Учурда Ош шаарында жалпысынан 30 кичи автобус дарыгерлерди ташып жатат.

Пикир

Оставить комментарий