• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ири өлчөмдө акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Ошто ири өлчөмдө акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынан ушул күнгө чейин Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагында Алай райондук ички иштер башкармалыгына уурулук боюнча арыз даттануулар түшүп турган.

Аталган арыздардын үстүнөн криминалдык милиция кызматкерлеринин тынымсыз ыкчам жүргүзүлгөн иш аракетинин жыйынтыгында уурулукка шектүү катары Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну 8-классынын окуучусу 13 жаштагы кыз Н.С. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Н.С. автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталды.

Ал үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, аны өспүрүм кыз коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын кулпулабастан кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 200-беренин (“Уурдоо”) неизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгүсү 2800 доллар (эки миң сегиз жүз) болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген.

Мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.

Ош ОИИБ жогорудагыдай окуялардын курмандыгы болбош үчүн автоунааңызды коомдук жайларда ачык калтырбооңузду эскертет.

Пикир

Оставить комментарий