• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 14-августунда саат 07:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий