• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто көчөгө жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен

Аймак 0

Ош, 15.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда 14-ноябрда жаңы төрөлгөн ымыркай (кыз) табылган. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Амир-Темир кичи районунун жашоочулары укук коргоо кызматкерлерине белгисиз аял 14-ноябрда болжол менен саат 22:00дө жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткендиги тууралуу айтышкан.

“Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, ымыркай кызды таап, Ош шаардык төрөт үйүнө алып барышкан. Ымыркайдын саламаттыгы туруктуу, салмагы 3 кг 279 граммды түзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда ымыркайдын энесин издөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий