• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу 10 мыйзам бузуу боюнча түшкөн маалыматтар текшерилүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу 10 мыйзам бузуу боюнча түшкөн маалыматтар текшерилип жатат.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ал маалыматтар чын боло турган болсо, мыйзамга ылайык жоопко тартылат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоо өнөктүгүнө тиешеси бар бардык жарандарды кандайдыр бир укук, мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кошумча бир нече ыкчам тергөө топтору түзүлүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууда.

Пикир

Оставить комментарий