• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто шайлоого даярдык жана өткөрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Ош облусунда шайлоого даярдык жана өткөрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖК депутаттарын шаялоого даярдык жана өткөрүү боюнча Республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош облусундагы мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Көчмө жыйында 28-ноябрга белгиленген ЖК депуттарын шайлоого даярдык, шайлоо участкаларын тиешелүү жабдыктар менен камсыз кылуу жана шайлоочулар үчүн шарт түзүү. Ошондой эле шайлоону таза өткөрүү жана талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү тапшырмалары берилди. Мындан сырткары, шайлоону өткөрүүдө мыйзам бузгандарга чара көрүүлөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий