• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу бүгүн жыйынтыкталат

Спорт 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун залында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин Кубогу башталган. Мелдештин расмий ачылышына Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, спорт комитеттин кызматкерлери, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Бул жылы тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу бешинчи жолу уюштурулду. Ага Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 7 жаштан 70 жашка чейинки 200гө жакын спортчу катышууда.

Мелдеш 21-октябрь күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Айта кетсек, ушул жылы Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын командасы 2-орунду камсыз кылган.

Пикир

Оставить комментарий