• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Жапалак унаа базарында мыйзамсыз унаа токтотуучу жайлар менен күрөшүү иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы Жапалак унаа базарында, таңкы саат 5тен баштап, мыйзамсыз токтоочу жайларга каршы иш жүргүзүлүүдө.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараларга унаа базарынын кызматкерлери, Кайгуул милициянын, КР ИИМ атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катышууда.

Негизги максат - тыюу салынган жол белгилеринин астына коюп алып унаа сатып жаткандар менен, унаасын токтоткондор менен күрөшүү болуп саналат. Анткени унаа тыгындары пайда болуп, тоскоолдуктар жаралып жаткан.

Ошондой эле бул иш аракеттер жол эрежелери бузулушунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий