• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштон Бишкекке иштегени кетип, дайынсыз жоголгон Мыктыбек Мамадали уулу изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон Мыктыбека Мамадали уулуну издөөдө.

Милициядан билдиришкендей, 29-январда Өзгөн райондук милициясына Куршаб айылынын 1989-жылы туулган Э.Б. аттуу тургуну кайрылып, 2020-жылдын август айында анын 1993-жылы туулган иниси Мыктыбек Мамадали уулу Бишкекке иштегени кетип, дайынсыз жоголгонун билдирген.

Аталган факты электрондук журналга катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Белгилери: бою 165-170 см, арык чырай, чачы, көзү кара.

"Мыктыбек Мамадали уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор (03233)5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41 номерлерине кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий