• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун мэри Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды

Аймак 0


Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Акжол Махмудов жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэр Жетигенов балбандын жана машыктыруучусунун өлкөнүн, анын ичинде Ош шаарынын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

"Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 77 килограммга чейинки салмакта 1-орунду ээлегени үчүн Акжол Махмудовго 250 миң сом жана машыктыруучусуна 50 миң сом тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий