• 88.68
  • 95
  • 0.95

Панфилов районунда жаңы трансформаторлор орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районуна жаңы алынып келинген трансформаторлор орнотулууда. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Панфилов РЭТинин электр куроочулары Кайыңды шаарынын Линейный көчөсүндөгү №176-трансформатордук көмөкчордондо күч трансформаторун алмаштырышты.

Калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, эски жабдуулардын кубаттуулугу аз болуп, көтөрө албай, керектөөчүлөргө бир топ ыңгайсыздык жараткан. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бул аймакка кубаттуулугу жогору жаңы трансформатор коюу эле. Энергетиктер ушул жагдайды эске алып, бүгүн кубаттуулугу 400 кВА болгон күч трансформаторунун ордуна кубаттуулугу 630 кВА болгон жаңы күч трансформаторун коюшту.

Эске сала кетсек, буга чейин Панфилов РЭТинин электр куроочулары Чалдыбар айылына жана Кайыңды шаарынын башка көчөлөрүнө жаңы күч трансформаторлорун койгон. Бул иштер Панфилов районунун тургундарын электр энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Белгилей кетсек, күч трансформаторлору “КУЭТ” ААКнын эсебинен сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий