• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Парламент депутаттарды кезексиз жыйынга чакыруу тууралуу кайрылууга байланыштуу түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Депутаттар Н.Никитенко, Р.Момбеков жана Ж.Акаев парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атына кайрылуу жасашкан. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ага байланыштуу парламент төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде төрага президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу укугуна ээ. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш, себебин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен төрагага жиберилиши керек.

Тагыраагы, жогоруда аты аталган депутаттардын сунушуна Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн бири кошулушу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий