• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттин профилдик комитети премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитети бүгүн, 16-июнда премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Ошондой эле өкмөттүн курамы да жактырылды.

Андан кийин комитет тарабынан жактырылган Бороновдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Ал эртең, 17-июнда жалпы жыйында каралат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин бир добуштан колдогон.

Өкмөттүн жаңы курамы:

КР вице-премьер-министрлер:

Асрандиев Эркин Шамшудинович;

Мадумаров Акрам Камбаралиевич;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна;

Чынгыз Айдарбеков – Тышкы иштер министри;

Кашкар Жунушалиев – Ички иштер министри;

Марат Жаманкулов – Юстиция министри;

Бактыгүл Жеенбаева – Каржы министри;

Санжар Муканбетов – Экономика министри;

Чодуев Эркинбек Урайымович – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Жанат Бейшенов - Транспорт жана жолдор министри;

Замирбек Аскаров – Өзгөчө кырдаалдар министри;

Каныбек Исаков – Билим берүү жана илим министри;

Сабиржан Абдикаримов – Саламаттыкты сактоо министри;

Азамат Жаманкулов – Маданият, маалымат жана туризм министри;

Улукбек Кочкоров - Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Орозбек Опумбаев – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;

Эрлис Тердикбаев –Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;

Эмиль Осмонбетов – Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Алмазбек Исмаилов – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Таалайбек Темиралиев – Өкмөттүн аппарат жетекчиси.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген, ал эми бүгүн, 16-июнда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий