• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Портер” унаасы, жанаша салынган үч үй. Кыргызстанда бир күндө 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Балбан-Таймаш жаңы конушунун 3-көчөндө турак үйдүн 40 чарчы метр шыбы жана чатыры күйгөн.

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Турганов көчөсүндө жанаша салынган үч турак үй толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө “Аю” ишканасынан ГАЗ-53 өрт өчүрүүчү автоунаасы жана Кытай ишканасынан бир суу ташуучу автоунаасы тартылган.

Баткендин Кадамжай районунун “Баяман” базарынын унаа токтотуучу жайында “Портер” үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы жагы жана салону күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий