• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр 2019-жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында 2019-жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бардык чыгашалар (мамлекеттик инвестициялар программаларын кошпогондо) толугу менен ички булактардын эсебинен жабылат. Тактап айтканда салыктык жана салыктык эмес кирешелер менен жабылат. Ал эми тышкы займдар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гана тартылат.

Ал белгилегендей, жалпысынан салыктык жана бажы саясаты орто жана узак мөөнөттүү перспективада 2018-2040-жылдардагы каралган милдеттерди чечүүгө багытталат. Өкмөт фискалдык жана экономиканы административдик стимулдаштыруунун жаңы инструменттерин төмөнкү артыкчылыктарга киргизүүгө аракеттерди жасайт:

- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жана тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүүгө;

- текстиль жана тигүү тармагына;

- туризм жана экологияга;

- инновациялык технологияларга (ВИЭ, IT, заманбап саламаттык сактоо жана билим берүүгө);

- чакан жана орто бизнести колдоо, дем берүү жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылууга.

“Ачык атаандаштык шарттарында бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөн жаңы инвестициялардын келишин камсыздайбыз. Ал салыктык преференцияларды киргизүү, текшерүү системаларын өзгөртүү, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча отчёттуулук формасын жөнөкөйлөштүрүү аркылуу ишке ашат. Ишкерлердин активдүүлүгүнө дем беребиз, салыктык процедураларды фискалдаштыруу боюнча иштер күчөтүлөт”, - дейт Абылгазиев.

Ошол менен бирге, премьер-министр кошумчалагандай, салыктык преференциялар жана жеңилдиктер системасын этап-этабы менен оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт, негизсиз жеңилдетүүгө жана бошотууга тыюу салуу боюнча сунуштар киргизилет, ошондой эле салыктан качууга жол берген көрүнүштөр жок кылынат.

Пикир

Оставить комментарий