• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Бишкектеги Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратын ачты

Президент 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы кыргыз прокуратурасы – мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин белгиледи. Анткени, мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо укук коргоо тутумунун, анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен түздөн-түз көз каранды.

Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукка так көзөмөл кылуу – анын негизги талаптары болгонун баса белгиледи. Кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши.

“Бирок, тилекке каршы, республика боюнча Союздан калган административдик имараттардын басымдуу бөлүгүнүн эскилиги жеткен, ал эми жаңы кызматтык турак жайлар салынбай келген. 2021-жылдан баштап, бул жагдайдан чыгуу максатында тынымсыз көрүлгөн аракеттердин натыйжасында бир катар объектилердин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. 2021-жылы Кочкор райондук прокуратурасынын, 2022-жылы Баткен горнизонунун аскер прокуратурасынын, 2023-жылы заманбап талаптарга жооп берген Талас облустук, Чоң-Алай райондук прокуратураларынын административдик имараттары курулду”, - деп Мамлекет башчысы эске салып, учурда 70 пайыз административдик имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнүн айтты.

Президент быйылкы жылдын эсебинен Нарын облусунун, Нарын шаарынын, Нарын районунун прокуратураларынын имараттарын куруу үчүн мамлекеттик казынадан тиешелүү акча каражаты бөлүнүп жатканын кошумчалады.

Мындан башка Садыр Жапаров 2021-жылы Кочкор, Кемин райондорунун, 2022-жылы Талас, Баткен облустарынын, Талас шаары, Талас, Бакай-Ата райондорунун, 2023-жылы Нарын облусунун, Чоң-Алай районунун прокуратура кызматкерлери үчүн жалпы 75 кызматтык батир салынып, пайдаланууга берилгендигин айта кетти. Азыркы учурда батирге муктаж кызматкерлердин 40 пайызы кызматтык турак жай менен камсыз болду. Ал эми менчик турак жай менен камсыз кылуу максатында, ипотекалык насыялоо программасынын алкагында Бишкек шаарында 400 батирлүү турак жай курулууда.

Президент мамлекет тарабынан прокуратура кызматкерлерине жаңы турак жай куруу, заманбап кызматтык имараттарды салып, тийиштүү шарттарды түзүп берүү иштери тынымсыз уланып жатканын баса белгиледи. Прокуратура кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүү максатында, мамлекет тарабынан “Күн-Чубак” пансионаты прокуратурага өткөрүлүп берилип, оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле кыргыз прокуратурасынын тарыхында алгачкы жолу кесипкөй адистерди даярдоо, кадр саясатынын пайдубалын түптөө максатында Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы түзүлдү. Бул академия Прокурордук кадрларды даярдоо борборунун базасында түзүлүп, жеке эле прокуратура эмес, юстиция, жалпы укук коргоо жана сот тутумунун кадрларын даярдайт.

Садыр Жапаров Свердлов райондук прокуратурасынын имараты 1962-жылдары курулгандыктан, эскилиги жеткен бул жайда кызматкерлердин иштөөсүнө толук мүмкүнчүлүк болбой калганын белгиледи. Ошондуктан жаңы имарат куруу боюнча чечим кабыл алынган. Бул маанилүү мамлекеттик институт ар дайым мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактап, коомдун укуктук түзүлүшүн коргоп келе жатат. Буга Кыргыз Республикасынын прокуратурасы үч жыл аралыгында мамлекетибиздин пайдубалы болгон укуктук талаанын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө багытталган бир топ алгылыктуу иштери далил.

Ал Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттин жазык саясатын жөнгө салуучу кодекстер иштелип чыгып, колдонууга киргизгенин кошумчалады. Бул кодекстердин негизинде “социалдык же саясий абалына карабастан, мыйзам алдында бардыгы бирдей болсун, “кол тийбес” деген түшүнүккө жол берилбесин” деген президенттин талаптары ишке ашып, кылмыштуулук, анын ичинде коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жаатында коомдо жаңы маанайды – мыйзамдын күчүнө жана адилеттикке болгон ишенимди жаратты.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө прокурордук көзөмөлдүн негизинде жеке ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктары ишенимдүү корголуп жатканына өзгөчө токтолду. Ошол эле учурда бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылып жатат. Аныкталган зыянды өндүрүү бул прокуратура органдарынын негизги максатына кирбейт. Бирок, буга карабастан, 2023-жылы прокуратура органдары жалпысынан 17 млрд 979 млн сомдук зыянды аныктаган. Анын ичинен 16 млрд 923 млн сом өндүрүлгөн. Бул сумманын 4,5 млрд сому акчалай түрдө, ал эми 12 млрд сомдон ашыгы натуралык түрдө өндүрүлгөн.

Садыр Жапаров быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл, ошондой эле Кыргыз улуттук прокуратурасынын түзүлгөндүгүнө да 100 жыл толгонун айта кетти. Мындан сырткары, быйыл Башкы прокурордун төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 22- отуруму жана Түрк мамлекеттеринин Башкы прокурорлор кеңешинин 3- отуруму Кыргызстанда өтөөрү белгилүү. Мындай эл аралык маанидеги иш-чаралардын максаты – өз ара ишенимди, достук менен ынак коңшулук мамилени, коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө, заманбап чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип каршы туруу болуп саналат.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө прокуратура кызматкерлеринин иштөөсүнө толук шарттар түзүлгөнүн белгилеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн прокуратура кызматкерлерине жана ардагерлерине терең ыраазычылык билдирди.

Андан соң мамлекет башчысы жаңы үч кабаттуу объекттин кызматтык жайларын, жаңыланган шарттарын көрүп чыгып, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, кызматкерлер менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий