• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Мунарбек Сейитбек уулуна эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Президент 0


Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында профессионалдык боксчу жана 2023-жылы бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчунун жетишкендиги ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык болгонун белгиледи.

"Сен көз карандысыз Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына бокс боюнча дүйнө чемпионатынын байгесинин ээси катары биринчи болуп кирдиң. Өзүң билгендей, 1986-жылы көрүнүктүү мушкерибиз Орзубек Назаров коло медалдын ээси болсо, 1989-жылы Андрей Курнявка дүйнө чемпиону болгон, ал эми 1991-жылы күмүш медалга жетишкен. Сен жана сенин машыктыруучуларың Союз маалында атагы чыккан кыргыз бокс мектебинин кайра жаралышын дүйнөгө көрсөткөнүң абдан маанилүү!"- деди Садыр Жапаров.

Президент эми боксту жакшы билген ар бир кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиштерине кубанып, эл аралык жана дүйнөлүк турнирлерде анын мындан аркы жеңиштерине ишенерин баса белгиледи.

"Сен жаш мушкерлердин келечекте медалдарга жетишсе болот, деген ишенимин бекемдедиң. Дагы бир жолу алтындан кем калбаган сыйлык менен куттуктайм. Сенин жеңишиң сага атак-даңк алып келди, бирок аны менен бирге Мекен алдында чоң жоопкерчиликти жүктөдү: азыр сенин атың көптөгөн жаш мушкерлерге үлгү болуп калды. Сен аларга өрнөк жана стимул болушуң керек. Ошондуктан, катуу машыгууну улантып, андан да чоң жеңиштерге жетиш. Ата-энең, машыктыруучуларың жана бүтүндөй кыргыз элиң сени колдоп жатышат", - деди президент Садыр Жапаров.

Насаат сөзүн айткандан кийин мамлекет башчысы Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Маалымдама: Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан баштап бокс менен машыгып, 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү.

Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын медалын жеңип алды. Бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 1-14-майында Ташкент шаарында өткөн.

Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында 1/32 финалдык баскычтан баштап, Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика жана Тажикстандын спортчуларын катары менен утуп, төрт жеңишке жетишкен.

Ал жарым финалда Өзбекстандын спортчусу менен беттешкен. Мунарбек Сейитбек уулу андан жеңилип, коло медалдын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий