• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө убада берди

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерүүгө алынат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Маалымат жыйынында журналист маркум Уланбек Эгизбаев Матраимовдун мүлкү боюнча иликтөө жасаганы айтылып, бул маселе боюнча реакция болобу деген суроо айтылды.

Мамлекет башчысы эгер фактылар болсо, анда чара көрөрүн билдирди.

“Анын үйлөрү менин маалымда курулган эмес. Бирок биз текшеребиз”, - деди ал.

Мындан тышкары президент С. Жээнбеков Райым Матраимов ал президенттикке келгенге чейин эле Бажы кызматында иштегенин белгиледи.

“8 жыл аралыгында ага көңүл бурулган эмес. Мен президенттик кызматка киришкенде эле ал менин жакын адамым деп айта башташты. Ал мага чейин иштеген. Жакында ал кызматтан бошотулушу боюнча соттошуп, утуп алды. Эми бул чечимге менин тиешем бар деп жатышат. Бир тууган Матраимовдор КСДП партиясынын пайдасына 15 жыл аралыгында ак иштеп берип, эми жагымсыз болуп калды. Мурда ал жакшы болсо, мен президент болгондон кийин ал жаман болуп калды. Ойлонсоңор, бул логикага туура келеби?”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий