• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады

Президент 0


Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи.

Умра - кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.

Пикир

Оставить комментарий