• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жээнбеков Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда Палестина Мамлекетинин тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана тереңдетүү боюнча кыйла маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы министр Рияд Малкинин келиши кыргыз-палестин мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимин билдирди.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малки кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын белгилеп, Палестинанын Президенти Махмуд Аббастын жылуу каалоо-тилектерин жана келип кетүү тууралуу чакыруусун жеткирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Палестинанын элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү каалап, Кыргызстан ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий