• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент 0


Бишкек, 17.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) бул облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, жаңы имарат, жаңы шарттар коопсуздук органдарынын кызматкерлерине элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөдө жаңы дем, жаңы күч берерин айтты.

Президент кечээги өткөн тарыхыбызды билбей, эртеңки келечегибизге кам көрө албайбыз, деп баса белгиледи. Ошондуктан ал өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарынын тарых-таржымалына азыноолак токтоло кетти.

Садыр Жапаров анын жаралышы жана калыптануу тарыхы 1918-жылдан башталарын айтып берди. Совет бийлигинин жылдарында чекисттер кара жанын карч уруп, Мекенин тышкы душмандардан коргоп келишкен.

Жалпы эле Кыргызстанда коопсуздук органдарын негиздөө оор кырдаалда жүргөн. Революциядан кийинки оор учурда, жарандык согуштан кийинки кыйын мезгилде экономиканы калыбына келтирүү багытында чекисттерге тыңчылык, диверсия, терроризм, мыйзамсыз аткезчилик жана бандитизм менен күрөшүү, мамлекеттик кылмышкерлерди издөө, чек арага жакын райондордогу бийликти бекемдөө милдеттери жүктөлгөн.

Мына ушундай шарттарда дагы өлкө аймагындагы бардык чекисттерибиз мойнуна тагылган милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып келишкен.

Мамлекет башчысы Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мамлекеттин жаңы тарых барактары ачылып, коомдук-саясий, социалдык жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр биринин артынан бири жүрө баштаган.

Ошондой мезгил агымынын жаңылануусу менен 1991-1998 жылдары алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча бөлүмү ачылган, ал эми 2000-жылдын апрелинде Талас облусу боюнча башкармалыгы түзүлгөн.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун жана аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, улуттар арасында бирдиктүү мамилени түзүү, укуктук тартипти, мамлекеттин, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында алгылыктуу иш-аракеттер жүрүүдө. Өлкөнүн өнүгүүсүн шарттоочу мындай олуттуу максаттарды ишке ашырууда улуттук коопсуздук органдарынын орду чоң. Айрыкча азыркы мезгилде: тышкы, ички коркунучтар менен чакырыктар болуп жаткан маалда жана геосаясий кырдаалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өтө жоопкерчиликтүү милдеттерди жүктөп эле койбостон, мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү жаатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кызматкерлердин кызматтык жана социалдык шарттары жакшыртылууда”, - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Президент буга чейин 1936-жылы салынган Талас башкармалыгынын эски имаратына жыл сайын аны оңдоп-түзөөгө кошумча каражаттар талап кылынып турганын эскерте кетти. Мындан тышкары, 1000 чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен.

Мына ошондуктан, Садыр Жапаров белгилегендей, Талас башкармалыгын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттар түзүлдү. Жаңы имараттын курулуш иштери өткөн жылдын 7-июнунда башталган эле. Мына бүгүн, жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзгөн Талас башкармалыгынын жаңы имараты бир жылдын ичинде баардык шарттары менен бүткөрүлүп, анын салтанаттуу ачылышы болуп отурат.

“Заманбап имараттын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу артып, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулайт деп үмүт артам.

Дүйнө ааламдашып, заман чакырыктары менен коркунучтары күч алган маалда сиздерге кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчил сезим каалайм.

Ата Мекендин коопсуздугу үчүн күн-түнү тыным албаган ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын!” - деген каалоолорун билдирди президент Садыр Жапаров .

Пикир

Оставить комментарий