• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбеков Баку шаарына учуп келди

Президент 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн келди.

ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт.

Ошондой эле ТТМКК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий