• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволордун кирешеси 58,7%га өстү

Коом 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бүгүн КР президентинин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволук уюмдардын 9 айлык финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгү боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, президент койгон талаптар толугу менен аткарылып, жыл башында түзгөн план боюнча ишканалардан түшкөн киреше 107,2%ды түздү. Ошентип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 58,7 %га өскөн.

"Ал эми бизге караштуу бюджеттик уюмдардын планы 99,9%га аткарылган, былтыркыга салыштырмалуу киреше 30,3%га көбөйгөн. Иш башкармалыкка караштуу өзүн-өзү каржылаган ведомстволук уюмдар берилген планды 108,8%га аткарышып, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен салыштырганда киреше 65,9%га өскөн", - деп жазды ал.

Туманбаев белгилегендей, жарым жыл аралыгында Иш башкармалыктын өзүндө жана карамагындагы ишканаларды санариптештирүү иши активдүү жүрүүдө. Алсак, "Кыргыз деңизи" жана"Аврора" санаторийлери, "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманканалардын эшиктерине акылдуу (умный) кулпулар орнотулду, эми ким кирип чыкканын каалаган жерден көзөмөлдөп турсак болот. Мындан тышкары, ишканаларды накталай эмес төлөмгө өткөрүү жана башка санариптештирүү иштери кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий