• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москва районунда 7,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. 2022-жылга карата Москва районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 7 млн 630,8 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде акча каражаттарынын жетпей калуусу жана уурдоолор – 9,4 миң сом.

  • Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7 454,0 миң сом, анын ичинде:

- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 5 943,9 миң сом;

- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 318,5 миң сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 847,4 миң сом;

- эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 344,2 миң сом.

  • Бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 167,4 миң сом, алардын ичинен;

- салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар – 7,3 миң сом;

- бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 160,1 миң сом.

  • Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 9 587,0 миң сом, анын ичинде:

- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-83,7 миң сом;

- эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 243,6 миң сом;

КР өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 8 309,9 миң сом;

  • Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 7 493,4 миң сом, анын ичинде:

- ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-7 493,4 миң сом.

Москва районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

“Таза айыл" муниципалдык ишканасынын жана “Таза көчө” муниципалдык ишканасынын ишитерине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий