• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Эл артисти Улукмырза Полотовдун 80 жылдыгына карата конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Улукмырза Полотовдун 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Конференциянын жүрүшүндө Улукмырза Полотовдун өмүр чыгармачылыгы, агартуучулук ишмердеги, инсандык бийик сапаттары тууралуу жылуу сөздөр айтылып, баяндамалар жасалды.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиев жетектеген Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын окутуучулары катышты

Пикир

Оставить комментарий