• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган. Андыктан, прокуратура органдары аталган шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет булактарына жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүүдө.

Башкы прокуратура мыйзамга ылайык, үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга, таратууга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иши менен аракеттенген уюмдарынын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, жаш өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар, уюмдар, жарандыгы жок адамдар укуксуз экендигин эскертет.

Өз учурунда прокуратура жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт.

Ошондой эле, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасоого, кандай гана формада болбосун шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынгандыгын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына түшүндүрүп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий