• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Радуга” пансионатындагы мушташка катышкандар милицияга жеткирилди

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн “Радуга” пансионатындагы мушташ тартылган видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай, 29-июнда саат 12:50лөр чамасында “102” кызматына Сары-Ой айылындагы “Радуга” пансионатында мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери жеринде окуянын келип чыгышын аныктоодо.

Мушкашка катышкан 18 адам Ысык-Көл райондук милициясына алып келинип, алгачкы тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий