• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия БШКсынын өкүлү Кыргызстандагы шайлоо процессине жогору баа берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Александр Кинев Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоо процесси боюнча өз оюу менен бөлүштү.

Брифинг учурунда Кинев Бишкектеги бир нече шайлоо участкаларын кыдырып чыккандыгын айтты.

"Шайлоо процесси жакшы таасир калтырды. Атап айтсак, шайлоо участкаларына киргенден баштап, жеке коргонуучу каражаттарды бергенге чейинкиси жакты. Бул маанилүү коопсуздук чаралары. Мындай чараларды Россияда акыркы шайлоо процессинде да колдондук", - деди ал.

Кинев шайлоочулардын активдүүлүгү эң көп таасир калтырганына токтолду. "Саат 10:00гө карата биз барган шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу 15%дан ашты. Шайлоо участкаларында 2 миңден ашуун шайлоочу болсо, анын ичинен 300гө жакын адам добуш берди. Көптөгөн жерлерде узун болгон кезектерди байкадык, бирөөндө менин божомолум боюнча 100 метрди түздү. Мындай шайлоочулардын активдүүлүгү кубандырбай койбойт", - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий