• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Минскте Кыргызстандын парламентин шайлоодо добуш берүү үчүн тилке ачылды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Минскте Кыргызстандын парламентин шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу КРнын Беларустагы элчилигинен билдиришти.

«Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу бүгүн, 4-октябрда Минск шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин астында № 9023 шайлоо тилкеси ачылды», - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, COVID-19 пандемиясынын уланып жаткандыгына байланыштуу шайлоо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат.

Аталган тилкеде мурда тизмеге киргизилген Кыргызстандын жарандары добуш бере алат.

Пикир

Оставить комментарий