• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия: Түштүк Уралда Кыргызстандан бара жаткан унаанын ичинде 15 бала болгон

Коом 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Россиянын Түштүк Уралда жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унааны токтоткон.

Россиянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, унаанын ичинде 10 чоң адам жана 15 бала болгон. Жүргүнчүлөр Кыргызстандан Челябинск шаарына бара жатканы аныкталган.

Шек жараткан унаа Челябинск — Троицк жолунун 132-чакырымында токтотулган. Унаанын айдоочусуна жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу боюнча эки администрациялык материал түзүлгөн.

Тиешелүү текшерүүдөн кийин жүк ташуучу унаанын ичиндегилери жүргүнчү ташуучу транспортко отургузуу үчүн Троицк автовокзалына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий