• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Россияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Москва облусунун Солнечногорск районундагы курулуш объектисинде чыккан өрттөн төрт киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча 10:30дарда башталып, 15:40та толугу менен өчүрүлүп бүткөн.

Өзбекстандын Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиги өрттөн өлкөнүн төрт жараны каза болгонун кабарлады.

"Кырдаал көзөмөлгө алынып, биздин жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чаралар көрүлүп жатат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий